УКМК бомба тууралуу жалган маалымат берген балдарды кармады

  • 7 месяцев мурун

УКМК тарабынан жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган адамдардын тобу аныкталып, кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылы туулган Ж.Д, 2008-жылы туулган М.М, 2008-жылы туулган Д.Д, жана К.А, аттуу жарандары кармалган. Алар 2023-жылдын 30-ноябрында жана 18-декабрында чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрук беришкен, андан кийин Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн.

Белгилей кетсек, аталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул аракеттери жеке максаттарда, атап айтканда, бейбаштык мүнөздө окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалган жарандар мыйзамдарга ылайык жазага тартылат.

Ушуга байланыштуу УКМК бул жосундарды жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү”) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты