УКМК: Бишкектеги тигүү цехтеринде иштеген 28 пакистандык кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 15-майда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында Бишкектеги тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны кармалган. Алардын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.

«Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди«, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам иликтөө иш-чараларын улантып жатканы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты