УКМК: «Бишкектеги өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы кармалды»

  • 2 года мурун

“Бишкектеги курулушчулардын бириккен жогорку штабынын” төрөгасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  шектүү катары ири суммадагы акча каражатын алган деп А.М. аттуу кыргыз жараны кармалды. Ал  Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту («Алдамчылык») жана 379-беренесинин 3-бөлүгү («Документтерди жасалмалоо») менен  “Т.А.” жана Т.М. аттуу жарандарга  өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылган. 

Ошондой эле, шектүү жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган.

 “Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө  А.М.М. соттун санкциясы боюнча анын жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган төгүндөлгүс далилдер табылган. Ошол эле учурда акыркысы кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган” — деп жазылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери  жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты