УКМК: Бишкекте жана Чүйдө контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте жана Чүйдө контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу иштерине бөгөт коюлду.
17-ноябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

  • 12159 даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;
  • 4676 даана күмөндүү акциздик маркалар;
  • 474,5 литр спирт;
  • 7000ден ашык энбелгилер;
  • 889 литр (самогон) алкоголдук продукция;
  • 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты