УКМК: «Бишкекте УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды»

  • 2 года мурун

Бишкекте УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

18-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Бишкек шаарында, КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. Ага УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип,  ошондой эле коррупция менен күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты