УКМК: «Бишкекте теракттын алдын алынды»

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкектеги теракттын алдын алышты. Бул тууралуу аталнан мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июлда Курман Айт майрамын белгилөөгө даярдык көрүү маалында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында боло турган терактка бөгөт коюлду. Жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын жүрүшүндө эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар Сириядан жасалма паспорт менен келген эки чет элдик жаран кармалды. Андан тышкары, Бишкек шаарында эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө жардам көрсөткөн Кыргызстандын бир нече жараны (көмөкчү) кармалды. Тергөө тарабынан бул адамдардын Сириядагы согуштук аймакта бүлүнтүү жана террористтик даярдыктан өткөндүгү боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча нускоочу болгон. Согушкерлердин Кыргызстандагы милдеттеринин бири үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда айт-намазда террордук актка даярдануу болуп, алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ошол жерден чалгындоо иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.

УКМК: «Бишкекте теракттын алдын алынды» #63376
УКМК: «Бишкекте теракттын алдын алынды» #63377
УКМК: «Бишкекте теракттын алдын алынды» #63376 (preview)УКМК: «Бишкекте теракттын алдын алынды» #63377 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты