УКМК: «Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду»

  • 1 год мурун
УКМК: «Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду»

Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышты, аларды тинтүү учурунда марихуана баңги заты, «Мефедрон» синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, В.М. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады, андан соң ал КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан аталган баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, учурда республиканын аймагында синтетикалык баңги заттарды колдонуунун жана жайылтуунун өсүү тенденциясы байкалууда, өзгөчө жаштар арасында улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна реалдуу коркунучтарды жаратарын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты