УКМК: Бишкекте ишкерди опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкерди опузалап, ур-токмокко алып акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү 6-апрелде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын негизинде кармалган.

Ал шериктери менен бирге ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жеке ишкерди коркутуп, андан 350 миң сом акча каражатын талап кылышканы, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин («Опузалап талап кылуу») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жоюу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты