УКМК: Бишкекте 948 млн сом болгон бала бакчаны ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы жалпы аянты 2800 кв.м. жана жанаша аянты 1 гектардан ашык болгон бала бакчанын имаратын менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, бала бакча мурда Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы аталышындагы электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турганы аныкталган. Бирок, жогоруда белгиленген балдар бакчасынын комплекси 1993-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объекттерди ээликтен ажыратууга тыюу салган ченемдик-укуктук актыларды бузуу менен мыйзамсыз менчиктештирилип, «Ж» аттуу ААК дарегине жеке менчикке өткөрүлүп берилген. 1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына кайра жол-жоболоштурган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында балдар бакчасынын имаратынын менчик ээлери бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, болжолдуу наркы 948 млн.сом болгон жанаша аймагы менен жогоруда белгиленген имаратты мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып беришти.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты