УКМК: «Бишкекбашкыархитектуранын» бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды»

  • 1 год мурун

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин алдындагы курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик архитектура агенттигинин жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдары тарабынан туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулган.

«Аталган жооптуу кызматкерлер тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерин берүү боюнча оң чечим чыгарганы үчүн ири суммадагы акчанын пара түрүндө алууну такай уюштуруп келишкендиги аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын райондорунун биринин башкы архитектору Д.Ш. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган Д.Ш. мыйзамсыз иштери кылганыдгы боюнча маалыматтар алынган.

Кармалган адам УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралары көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты