УКМК: «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери бюджетке 29 млн сом зыян келтирген

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаардык  мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин битум менен камсыз кылуучу чарбалык субъект менен келишим түзүлүп, объектти сатып алууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, материал жогорулатылган баада (эки эсе кымбат) сатылып алынып, анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 29 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Такталган маалыматка таянсак, 2023-жылдын башында Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» “С” ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери менен келишим түзүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны – 1 тоннасына 47 миң сом деп жарыялашкан. Ал эми бул битумдун базар баасы 2 миң сомду түзөт, ошол эле сорттогу битумдун орточо баасы 1 тоннасы 25 миң сомго жакын.

Келишим түзүлгөндөн бери «С» ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервиске» 47 млн сомго 1000 тонна битум жеткирген. Ошол эле учурда кылмыш иши козголгондон кийин «С» ЖЧКсы битумдун калган көлөмүн берүүдөн баш тарткан.

Дайындалган соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 29 млн 043 миң сомду түзгөн.

Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2023-жылдын 30-августундагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү жана 210-беренесинин 4-бөлүмү менен Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары, Ш.М.К. жана ишканасынын башкы инженери Ж.А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты