УКМК Бишкек шаардык прокуратурада тинтүү жүргүзүп, 2 адамды кармап кеткени айтылууда
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын күчтөрү (спецназ) Бишкек шаарынын прокуратурасында тинтүү жүргүзүшкөнүн Kaktus.media күч органдарына таянып, жазып чыкты.
«Алардын алдын ала маалыматы боюнча, юстициянын полковниги наамындагы жалпы көзөмөл прокурору, ошондой эле ортомчу-аскердик юрист кармалган»,- деп айтылат маалыматта.
«Көзөмөл органынын дагы башка кызматкери кармалышы мүмкүн. Тинтүү иштери уланууда»,- деп билдирген Kaktus.mediaнын булагы.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




