УКМК: “Бишкек башкы архитектуранын” мурдагы жетекчиси кармалды»

  • 2 года мурун

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси, борбор калаанын башкы архитектору А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып белгиленген нормаларды бузуп уруксаат берүүчү документтерди берүү фактысы аныкталды.

А.К. “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп турганда, өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксаат бергени аныкталды.

А.К. курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштардын жүргүзүлүшү байкалууда. Ошондой эле, “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси – А.К.К. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты