УКМК: Бир катар фармацевтикалык компанияларда коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдары жүрүүдө

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинде жана бир катар фармацевтикалык компанияларда коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «М-РАЙН» ишканасынын кампаларында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жыйынтыгында ири көлөмдөгү дары-дармек табылган. Тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган.

Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты