УКМК Бекназаров кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кармалганын билдирди

  • 6 дней мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар Азимбек Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды башка адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгын айгинелейт. Буга байланыштуу 12-сентябрында Азимбек Бекназаров  кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат маалыматта.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, тергөө учурунда баш коргоо чарасын тандоо маселеси сот тарабынан чечилет.

 Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

12-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча сотто сурак берип жүргөн саясатчылардын бири — Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) СИЗОсуна камакка алынганын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Азимбек Бекназаров кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси, кылмыштуу жол менен табылган ири өлчөмдөгү каражаттарды легалдаштыруу беренеси боюнча шектелип жаткандыгын буга чейин анын уулу Руслан Бекназаров журналисттерге айткан.

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот 27-сентябрга чейин жылдырылды. Анын себеби Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотто суралып жаткандардын бири — Азимбек Бекназаровдун сот процессине келбей калышы болду.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты