УКМК: «Базарларда негизсиз акча чогултуу түрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды»

  • 7 месяцев мурун

Базарларда негизсиз акча чогултуу түрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Базарлардагы ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу максатында, УКМК тарабынан “Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” базарларынын жетекчилери тарабынан соодагерлерден акча каражаттарын негизсиз чогултуу түрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

«Дордой”, “Ак-Суу”, “Алкан” жана “Кербен” соода комплекстеринин жооптуу адамдары тарабынан кыш мезгилинде жылытуу каражаттарын колдонууга уруксат берүү үчүн 100 доллардан 300 долларга чейин акча чогултулуп жаткандыгы аныкталды. Ошол эле учурда жогоруда аталган базарлардын администрациясы соодагерлер жылытуучу шаймандарды уруксатсыз пайдаланган учурда аларга айып пул салып, жылыткычтарды жана кондиционерлерди колдонууга тыюу салган. Соода комплекстеринин администрациясынан “уруксат” алгандан кийин гана аларга аппараттарды колдонууга уруксат берилген.

УКМК тарабынан базар жетекчилери менен тиешелүү профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар жылытуучу шаймандарды пайдалангандыгы үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну, ошондой эле бардык соодагерлерге эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү убада кылышты. Мындан тышкары, базардын администрациялары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз чогултууларды кылган айрым кызматкерлерди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча чечим кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты