УКМК: «Баткендеги жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды»

  • 2 года мурун

Баткендеги жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 27-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругу менен Халмион айыл өкмөтүнө караган 34,5 га жер тилкеси “жайыт” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которулган.

Бул буйруктун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак-жай куруу үчүн «Ирелеш» конушунан жалпы 50 жер тилкеси бөлүнүп, «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан бул тилкелерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

«Кыргызмамжердолбоорло» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик экспедициясы МИнин мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелес айылындагы 14,5 гектар жер «жайыт» деп көрсөтүлгөн. КЖер кодексинин 1-беренесинин 26-пунктуна ылайык жайыт жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет.

Мындан тышкары, ушул Кодекстин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди талаптарга ылайык башка категорияларга которуу өкмөттүн компетенциясына кирет.

Ошондой эле, ушул Кодекстин 15-беренесинин 82-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлер райондук мамлекеттик администрациялардын органдары тарабынан жерлердин башка категорияларына ылайык берилбейт.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 18-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты