УКМК Баткендеги асфальт төшөө иши боюнча текшерүү жүрүп жатканын билдирди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткендеги асфальт төшөө иштерине байланыштуу жагдайды көзөмөлүнө алганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, борбордук стадионду реконструкциялоонун алкагында фирма тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер технологиялык талап бузуу менен аткарылганы айтылат.

«УКМК бул абалды көзөмөлгө алып, асфальт төшөө иштерин тийиштүү текшерүү жүргүзүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Быйыл президент Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткен облусунда белгилеген. Анын алдында стадион оңдолуп-түздөлүп, асфальт басылган.

Буга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионуна жаңы эле төшөлгөн асфальтты чөп басып кеткен сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна кабылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты