УКМК: «Баткенде жер семирткичти контрабандалык жол менен ташууга шектелген жаран кармалды»

  • 1 год мурун

Баткенде жер семирткичти контрабандалык жол менен ташууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде 1995-жылы туулган К.М. аттуу жаранынын башкаруусунда “03KG987AAJ” мамлекеттик номурлуу “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалды.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты