УКМК: Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

  • 12 месяцев мурун

3-августта Лейлек чек ара кошуунунун чек арачылары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мурас айылынан Достук айылына бараткан жолдо Mercedes Benz үлгүсүндөгү эки автоунаа кармалган.

Транспорт каражаттарын текшерүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок жүк, керектөөчү товарлар (кездемелер, аялдардын, балдардын кийимдери жана бут кийимдери) жана тиричилик техникасы (микротолкундуу мештер жана чаң соргучтар) табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы баасы 1 205 000 сомдон ашат.

Тиешелүү кагаздар толтурулган соң кармалган айдоочулар жана жүктөр териштирүү үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты