УКМК: Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Баткенде аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 9-июнда «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаасынан коңшу мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алып келинген дары-дармектер табылган. Унаанын айдоочулары Лейлек районунун 30 жаштагы С.у.И жана 32 жаштагы М.Т.З. аттуу жарандары болгон. УКМКнын маалыматында алар жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жатышканы айтылат.

Учурда унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты