УКМК: Баткенде аткезчилик менен ташылып бараткан жүк кармалды
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аткезчилике каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык энергетикалык суусундукту ташып бараткан адамдар кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 8-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык 6060 банка энергетикалык суусундукту мыйзамсыз ташып бараткан адамдар кармалган.
Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү