УКМК: Баткенде айдоочулардан 3000 сомго чейин пара алып турушкан жол инспекторлору кармалды

  • 6 месяцев мурун

Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Баткен облустук ИИБ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу 9 кызматкери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.

Алар айдоочулардан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алышкан.

Топтолгон материалдардын негизинде Баткен ОИИБнин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

Сот органдарынын санкциясынын негизинде атайын тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, анын натыйжасында Баткен облусттук ИИБ Жол-кайгуул кызматынын 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган.

  • Р.у.И. жана Э.Б.А. 2000 сом;
  • Ш.З.З. 1500 сом;
  • С.У.М. 3000 сом жана С.3.А. 3000 сомдон алып турушкан.

2024-жылдын 24-январында Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А.К жана Ю.Б. кармалды.

Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты