УКМК: «Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды»

  • 2 года мурун

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-майда УКМК жана УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бейтарап аймагынан П.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 325 унаа дөңгөлөктөрү менен кармалган.

Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт.

Жогорудагылардын негизинде УКМК 26-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда керектүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты