УКМК: «Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок»

  • 1 год мурун

Товарларды “жашыруун транзиттөөгө” тиешеси бар Бажы кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК жашыруун транзиттик жолу менен Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бетин ачты.

«Айрым компаниялар Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган.

Бул кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, кармалган мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.
Бул факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенджерлеринде «Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө.
Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты