Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого шек саналып төрт адам кармалды

  • 12 месяцев мурун

УКМК тарабынан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар адамдар кармалды. Алардын арасында «Барон» каймана аты менен белгилүү болгон Д.Л.К., ошондой эле Д.Р.Е., К.Я.К. жана Д.К.Ю. аттуу жарандар бар.

Тергөөдө белгилүү болгондой, Д.Л.К. аттуу жаран цыган үй-бүлөсүнүн башчысы. Жакындары менен бирге ири өлчөмдөгү баңги заттарды Чүй облусунан Казакстан жана Россияга мыйзамсыз ташуу менен алектенип, мындан түшкөн каражатты мыйзамдуу ишмердүүлүккө жамынып жашырган. Алар мех буюмдарын сатуу жана чет өлкөдөн автоунаа ташуу менен алектенген адам болуп көрүнүүгө аракет кылышкан.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыштуу топту каржылаган башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты