УКМК: Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды

  • 7 месяцев мурун

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бакай-Ата бөлүмүнүн жетекчилиги бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган. КЭсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай – Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 11 миллион сом өлчөмүндө мыйзамсыз акча которушкан», — деп жазылат маалыматта.

Бул факт боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б. кармалып, Талас облусунун ИИБ УКЖсына киргизилди. Азыркы учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам – тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты