УКМК: «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын 3 кызматкерине кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңешке мыйзамсыз иштөө (жасалма документтерди колдонуу) фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жогорку Кеңешке кызматка орношуу үчүн жасалма эмгек китепчелерин пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси – 1993-жылы туулган Айпери Кулмурзаева, фракциянын катчылыгынын эксперти – 1994-жылы туулган Айгерим Алибаева жана Адахан Мадумаровдун жардамчысы — 1993-жылы туулган Азамат Муратбек уулуна карата жогорудагы кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча УКМК үч кызматкерге кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар 379-берененин 2-бөлүмү (атайылап жасалма документти колдонуу) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Айгерим Алибаева менен Азамат Муратбек уулу жасалма документтерди мойнуна алып, өз каалоолору менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан», — деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Айпери Кулмурзаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты