УКМК: «Аткезчилик жүк ташыган унаа конфискацияланды»
- 2 года мурун
Аткезчилик жүк ташыган унаа конфискацияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан Баткен облусунун аймагында контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде И.К. аттуу жарандын башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа кармалып, анын ичинен көп сандагы «насвай» табылып алынган.
Аталган фактынын негизинде Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысы тарабынан 372-1-берененин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.
9-ноябрда Баткен райондук соту президенттин улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоого жана аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган чараларды күчөтүү боюнча тапшырмасына ылайык, И.К. күнөөлүү деп таап, унаасын мамлекетке чегерүү чечимин чыгарылды.