УКМК: Косметологиялык клиникаларда аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер колдонулган

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып келген дары-дармектердин сулуулук салондорунда жана косметологиялык клиникаларда колдонулуп жатканын аныктаганын билдирди.

Атайын кызмат аткезчиликке жана көмүскө каражаттарды легалдаштырууга басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкектин аймагындагы айрым сулуулук салондорунда жана косметологиялык клиникаларда колдонулган дары-дармектердин сырттан мыйзамсыз ташылып келерин жана ал препараттар тиешелүү экспертизалардан өтпөй турганын аныктаган.

УКМК бул дары-дармектер жарандардын ден-соолугуна жана улуттун генофондуна олуттуу зыян алып келерин белгилеген.

Учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты