УКМК: «Аткезчилер менен бирге «Манас» аэропортунун кызматкерлери кармалышты»

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандан бир нече жолу алтын буюмдарын алып чыгып жүргөн аткезчилер менен бирге «Манас» эл аралык аэропортунун» кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, өлкөнүн чегинен чыгуучу кылмыштуу топторду аныктоо боюнча коррупциялык схемаларды жоюу туралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтар алынган.

3-сентябрда саат 08:40 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунан кыргыз жараны К.Н. менен Кыргызстандан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда, жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган.

Белгилей кетсек, аталан алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес. Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө камак жайын киргизилди. Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты