УКМК: Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы пара берүүгө шектелип кармалды

  • 1 месяц мурун

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 миллион сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган.

«Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган. Тактап айтканда, 25-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 90 000 сом жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты