УКМК: «Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телекомдун» департаментинин мурдагы башчысы кармалды»

  • 1 год мурун

Ашыкча баа менен жабдууларды сатып алуу боюнча «Альфа Телекомдун» департаментинин мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады.

«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты