УКМК: Асанакунованын армиядагы зомбулук тууралуу сөзү такталган жок

  • 6 месяцев мурун

Асанакунованын армиядагы зомбулук тууралуу сөзү такталган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ушундай эле арызды аскер кызматкери Ж.Асанакунова УКМКга кат жүзүндө берген. Бул билдирүүнүн негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзгөн, жыйынтыгында Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган эмес.

«Ошол эле учурда, ушул жылдын 6-февралында коомдук тармактарда жарыялаган кайрылуу боюнча, Республикалык Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы У.Ж.Байгубатованын жетектөөсүндө, Аскердик прокуратурасынын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди», — деп жазылат маалыматта.

Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты