УКМК: «Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды»

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы жетекчиси Ы.Т. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Буга чейин 2016-жылы Ы.Т. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

14-майда УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т. кармалган.

Маалым болгондой, кармалган Ы.Т. азыркы учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.

Бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты