УКМК Анвар Маметов (Габбазов) боюнча кылмыш иши токтотулганын кабарлады

  • 2 месяца мурун

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Анвар Маметовго (Габбазов) карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек Кыргыз Республикасынын ири ишкерлеринин бири — Маметов (Габбазов) Анвар тарабынан уюшкан кылмыштуу топ деп аталган топтун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

16-июлда Маметов Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Анвар Габбазовго (азыр Маметов) кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) беренеси боюнча сыртынан айып тагылган.

Ага Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгендиги боюнча айып тагылууда.

Габбазов  улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө А.Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу К.Асанбекке “Мерседес Бенц 222” брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган. 2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны КР экс-премьер-министри Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен.

2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Ала-Тоо аянтында Сапар Исаков жана айрым саясатчылар отурган унаага ок тийген.

Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Габбазов жана Камчы Көлбаев аффилацияланган жактар менен бирге Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, 15 млн АКШ доллары болгон мурдагы “ЗИЛ” пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Габбазов менен Камчы Көлбаевдин  ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталгандыгы да маалымдалган. Габбазов Бишкектин жайлуу аймактарынын биринде жайгашкан, мурда Камчы Көлбаевдин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батир, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунан коттедж сатып алгандыгы да белгиленди.

УКМК Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Мурда УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты