УКМК: Ананьев айылдык кеңешинин төрагасы, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

  • 4 месяца мурун

Ананьев айылдык кеңешинин төрагасы, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – Ысык-Көл облусунун Ананьев айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К. кылмышкерлердин колдоосун пайдаланып, Ананьев айыл аймагындагы 42 гектар айыл чарба жер аянтын, жергиликтүү бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди албастан мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды», — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам, 28-мартта жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен кыргыз жараны М.С.К. УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 29-мартта Каракол шаардык сотунун чечими менен Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты