УКМК Акыйкатчы институтун тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырды.

Атайын кызмат Акыйкатчы институтунун коррупцияга шек саналып кармалган Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийге байланыштуу иш-аракеттерин сындады.

«Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт. Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн. Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган. Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз», — деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Низовский коррупцияга шек саналып 9-августта кармалып, 10-августта сот аны үй камагына чыгарган. Ал УКМКнын тергөө абагында жатканда Акыйкатчы институнун кызматкерлери жолугуп чыккан. Анда акыйкатчы Атыр Абдрахматова Низовскийдин бөгөт чарасын кароодо тийиштүү тараптар анын жаш курагына, ден соолугуна, жашаган жерине жана буга чейин соттолбогонуна көңүл бурууга чакырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты