УКМК Аксыда ишкерлерди карактоого шектүү кармалганын кабарлады

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзүн «криминалдык авторитет» катары көрсөткөн адам ишкерлерди карактоого шектелип кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү К.Р.К өткөн жылы октябрда ишкерлердин ишенимине кирип, 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алган.

«Ошол эле учурда аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүн аткарбай, аларды күч колдонуу менен коркуткан«, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Шектүү 22-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК К.Р.К. тарабынан зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жана 0995 012210 (WhatsApp) ишеним номурларына кайрылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты