УКМК: «Аю Холдингдин» мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды

  • 1 день мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев ) менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстан бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган.

О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алынды.

Учурда кармалган О.Б.А. нын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты