УКМК: Адам уурдоого шектелип 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) адам уурдоого шектелип 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү О.Б.Н уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында кармалган. Ал акча талап кылуу максатында адам уурдоо фактысы боюнча 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн.

УКМКнын маалыматында 2020-жылдын декабрында О.Б.Н. жана уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү Баткен районунун тургуну Х.А.М.дан 20 миң АКШ долларын акча талап кылышканы айтылат. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Х.А.М.ды уурдап салып кеткен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа аныкталган. УКМКнын унааны токтотуу аракетине уурулар каршылык көрсөтүп, шектүү О.Б.Н. качып кетүүгө үлгүргөн.

Шектүү ушул жылдын 23-декабрында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат учурда бул топтун башка кылмыш иштерин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатканын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты