УКМК: Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

  • 2 недели мурун

Адам органдарын чет өлкөлөргө сатуу боюнча мыйзамсыз туруктуу канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А. аттуу жаран аныкталган.

Аталган К.А. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары Кыргызстандын аймагында «Жалдоочулар» акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды трансплантациялоо үчүн өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып турушкан.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң доллардан 7 миң долларга чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң долларга чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин түшүп турган.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан кыргыз жарандары К.А. жана З.Р. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен К.А. жана З.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты