УКМК: «7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды»

  • 1 год мурун

7 тонна селитраны контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

8-март күнү КР Ж.А.У. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен Өзбекстандан өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндөгү, товардык документтери жок контрабандалык жүк табылган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду.
Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты