Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
- 11 месяцев мурун
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү Кара-Кулжа РИИБине аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын май айында З.К., аттуу жаран анын мал жандыктарын алып, азыркы күнчө чейин акчасын бербей, изин жашырып качып жүргөндүгүн билдирген.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган, 1980-жылы туулган З.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган.
Андан сырткары, кармалган жаран бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча да шектүү. Учурда шектүү адамдын бирге кылмыш жасаган өнөктөштөрүн жана башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.