Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-апрелде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

«Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган.

Бул окуяда жабыр тарткан адам  бир нече жолу соттолуп,  жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө  кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр, 2022-жылдын 24-апрелинде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды Киа үлгүсүндөгү унаага салып барып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чоогу жашай баштаганын аныкташкан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:

А.Г. 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу.
К.М.2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу.
А.А. Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу.
У.М. 1975-жылы туулган,  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

Учурда бул кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам тергөө  иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58612
Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58613
Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58614
Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58615
Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58612 (preview)Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58613 (preview)Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58614 (preview)Буйрутма менен киши өлтүрүүгө шектелип Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды #58615 (preview)
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты