Уилл Смит 1991-жылы чачы жок адамды тамашалаганы чындык. Бирок ал “алопеция” оорусу менен жабыркачу эмес (Фактчекинг)

Америкалык актёр Уилл Смит АКШнын 94-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде, алып баруучу Крис Рокту ургандан кийин  интернетте анын 1991-жылы тартылган видеосу тарай баштады. 

Уилл Смит 1991-жылы чачы жок адамды тамашалаганы чындык. Бирок ал “алопеция” оорусу менен жабыркачу эмес (Фактчекинг)

Анда Уилл Смит Оскар сыйлыгын тапшыруу азаминде Крис Рокту жубайынын “алопеция” (чач түшүү) оорусуна байланыштуу айтылган тамашасы үчүн урса да, өзү 30 жыл мурда чачы жок адамды шылдыңдаганы айтылат. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

1991-жылы чыккан видео 

Бул видео 1991-жылы тартылган Арсенио Холл шоусунун эпизодунан алынган. Анда Уилл Смит программада ойногон музыкант Джон Уильямс тууралуу тамашалаган: “Ар бир адамдын өз эрежеси бар. Бул бассисттин эрежеси бар, ал күн сайын эртең менен башын майлайт.”,- деп айткан. 

Уилл Смит 1991-жылы чачы жок адамды тамашалаганы чындык. Бирок ал “алопеция” оорусу менен жабыркачу эмес (Фактчекинг)

( сүрөттө музыкант Джон Уиллиамс) 

Видеодо айтылгандардын чындыгын билүү үчүн Rolling Stone маалымат сайты  Джон Уиллиамс менен байланышкан. Ал эч кандай “алопеция” дарты менен оорубай турганын жана башка себеп менен чачын кырып жатканын билдирген. 

Мен бул айтылгандарды олуттуу кабыл алган эмесмин. Тамаша катары кабыл алып, күлүп койгом”, — деп эскерген 81 жаштагы музыкант.

Белгилей кетсек, Уилл Смиттин жубайы Джада Панкет Смит 2018-жылы “алопеция” дартына чалдыкканын билдирген. Ал башында коркунучтуу болгонун, ал эми азыр чачын кырып жүрүүгө мажбур экенин билдирген. 

Уилл Смит 1991-жылы чачы жок адамды тамашалаганы чындык. Бирок ал “алопеция” оорусу менен жабыркачу эмес (Фактчекинг)
Уилл Смит 1991-жылы чачы жок адамды тамашалаганы чындык. Бирок ал “алопеция” оорусу менен жабыркачу эмес (Фактчекинг)

Аталган окуядан кийин Уилл Смит бүтүндөй Академиядан жана аземдин өзүндө көрсөтүлгөн талапкерлерден кечирим сураган. Эртеси актёр өзүнүн социалдык түйүндөрүндө пост жарыялап, анда Крис Роктон, ошондой эле аземдин продюсерлеринен, конокторунан жана көрүүчүлөрүнөн кечирим сураган. Ал жерде “зордук-зомбулуктун бардык түрү жийиркеничтүү жана кыйратуучу” деп жазып, жүрүм-турумун “кабыл алынгыс жана акталгыс” деп атаган.

Белгилей кетсек, Уилл Смит биринчи жолу  “Король Ричард» биографиялык драмасында Серена жана Винус Уильямстын атасынын ролун аткарганы үчүн алган. 

Жыйынтык:  1991-жылы Уилл Смит чын эле чачы жок музыкантты тамашалаган. Бирок, ал социалдык тармактарда айтылгандай “алопеция” менен ооруганы үчүн чачы түшкөн эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты