Ухань шаарында COVIDдин 4 учуру катталган соң кайрадан карантин киргизилгени тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Инстаграмдагы news.kg баракчасында Кытайдын Ухань шаарында кайрадан карантиндик чаралар киргизилип, Цзянся районунун тургундарына үйүнөн чыгууга тыюу салынганы тууралуу маалымат чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, эки күн мурун 12 миллион калкы бар Ухань шаарында кезектеги тестирлөөнүн жүрүшүндө коронавирустун симптомсуз эки учуру катталган. Кийинчерээк ал бейтаптар менен байланышта болгон дагы эки адамдын вирусту симптомсуз алып жүргөнү аныкталып, бийлик дароо карантин киргизүү тууралуу буйрук чыгарган.

Ухань шаарында COVIDдин 4 учуру катталган соң кайрадан карантин киргизилгени тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

27-июлда түнкү саат 01:23тө Ухань шаарынын Цзянся (Jiangxia) районунун медиа борборунда райондук коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү боюнча штабынын билдирүүсү жарыяланган. Анда 26-июлда Цзянся районунда жүргүзүлгөн тестирлөөдө коронавирустун симптомсуз төрт учуру катталганы жазылган.

“Вирустун кайчылаш жайылуу тобокелчилигин азайтуу жана кыска мөөнөттө динамикалуу тазаланууга жетишүү максатында штаб эксперттик топтун корутундусунан кийин, 27-июль саат 04:00дөн тартып райондун негизги бөлүгүндө үч күндүк көзөмөл киргизүүнү чечти”, — деп жазылат штабдын билдирүүсүндө.

Штабдын билдирүүсүнө ылайык, бул убакыт аралыгында Цзянся районун тургундарына зарыл болбосо, райондун сыртына чыгууга жана районго башкалардын кирүүсүнө тыюу салынган. Беткап тагып жүрүү милдеттентирилген. Ошондой эле адамдар чогулуп, массалык иш-чара өткөрбөшү үчүн катуу көзөмөл киргизилген. Маданий жана диний иш-чаралардын баары токтотулган. 

Билдирүүдө билим берүү мекемелери, туристтик жана көңүл ачуучу жайлар, чакан бейтапканалар, дыйкан базарлары жабылары жазылган. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар буюртма менен алып кетүү үчүн гана иштей турганы айтылган.

Облустун метро жана шаар аралык темир жолдорунда станциялардын өтмөктөрүнө көзөмөл киргизилип, автобус каттамдары токтотулган.

Ал эми Ухань шаардык мэриясынын расмий сайтында 26-июлда коронавирустун симптомсуз төрт учуру катталганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок анда карантиндик чектөөлөр киргизилгени жөнүндө жазылган эмес.

Ухань шаарында COVIDдин 4 учуру катталган соң кайрадан карантин киргизилгени тууралуу маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Цзянся — Ухань шаарындагы 894 миң 600 (2016-жылдагы маалымат) калкы бар район. Ал эми Ухань шаарында жалпы 12 миллион 326 миң 518 адам жашайт (2020-жылдагы маалымат).

Кытай пандемия башталгандан бери  массалык тестирлөө, карантин жана инфекция жуккандарды катуу тартипте обочолонтуу менен COVIDге каршы өтө катуу чараларды көрүп келет. 2020-жылы катуу тартиптеги карантин биринчи болуп дал ушул вирус алгач аныкталган Ухань шаарына киргизилген. 

Жыйынтык: манипуляция. Карантин Ухань шаарында толук эмес, бир миллионго жетпеген адам жашаган Цзянся районунда киргизилген. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты