«Учкун» типографиясынын кызматкерлери менен патрулдук милиция кызматкерлери биргелешип жасаган коррупция аныкталды

  • 10 часов мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан «Учкун» типографиясынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) патрулдук милициясынын инспекторлору катышкан коррупциялык схеманы аныктаган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, типографиянын кызматкерлери Т.у.М. жана М.у.Б. административдик укук бузуулар жөнүндөгү протоколдордун дубликаттарын жасап жүрүшкөн.

«Даярдалган бланкалар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын патрулдук милициясынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилип, алар жеке кызыкчылыгынын пайдасына мурда берилген протоколдорду алмаштырышып, муну менен мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтиришкен»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда типографиянын аталган эки кызматкери менен патрулдук милициянын кызматкерлери кармалганы белгилүү болду. Ошондой эле бул кылмышка тиешелүү башка адамдар аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты