Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барышты

  • 1 год мурун
Убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Акылбек Жапаров Кумтөр кенине барышты

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, ошондой эле алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Эл өкүлдөрүнө ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо жана алтынды кенден тышкары уруксаатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

«Алтындын ар бир граммы көзөмөлдө», — деди ишкананын жетекчилиги.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты