Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу.  Интеллигенциянын улуттук форуму өттү

  • 3 месяца мурун

2-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өткөрүлдү.

Иш-чара мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгында президенттик администрация, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулду.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин кеңешчилери Чолпонбек Абыкеев жана Марат Иманкулов, экс-премьер-министрлер, ошондой эле өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынан жалпы 800гө жакын делегат катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев форум чыгармачыл жана илимий интеллигенцияны бириктирүүгө, өлкөнүн руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле чыгармачыл инсандар менен илимпоздордун жаңы муунун тарбиялоого багытталганын белгиледи.

Форум улуттук аң-сезимди, маданий мурасты жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча экени белгиленди. Коңшу мамлекеттер руханий жаңылануу жана ренессанс аркылуу өнүгүүгө умтулуп жаткан шартта, Кыргызстан да өзүнүн “кыргыз ренессансын” жарата алат.

Кыргыз эли тарыхый тажрыйбасындагы татаал шарттарга карабастан улуу инсандарды тарбиялап, маданият жана илим тармактарында олуттуу жетишкендиктерге жетишкендиги айтылды. Айрыкча XX кылымда адабият, кино, театр жана искусство жаатында дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтер жаралган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты